Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

Орусиянын аба соккусунан Сирияда 80ден көп киши набыт болду


Орусиянын согуш учактары Сириянын түндүгүнө урган аба соккусунан набыт болгондордун саны 80ден ашты. Каза тапкандардын кеминде 52си жай тургундар. Бул тууралуу маалымдаган Сириядагы адам укуктарына байкоо салган топ 23 киши "Ал-Нусра фронтунун" согушкерлери, дагы 6 маркум башка козголоңчу топтордун мүчөлөрү болчу деп кошумчалады. Орус учактары таштаган бомба Идлибдеги базардын жанына тийген.

"Ал-Кайиданын" Сириядагы канаты – "Ал Нусра фронтуна" тийиштүү комплексте диний сот жана түрмө жайгашкан. Маалыматка караганда, соккудан ошол абактагы айыпкерлер жана башка карапайым кишилер, ичинде бери дегенде бир бала жана эки аял ажал тапты. Орус авиациясы Сирияда 30-сентябрдан бери операция жүргүзүп келатат. Кремль учактар Москванын өнөктөшү президент Башар Асадды колдоо иретинде жөнөтүлгөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG