Дыйканды чочуткан салыктар
Дыйкандар жер үлүшүнөн алынган салыктар эселеп көбөйгөнүнө нааразы. Соцфонддун маалыматында салыктар мурдагыга салыштырмалуу дээрлик он эсеге көтөрүлгөн. Өкмөт бул жарандарды пенсия менен камсыздоо үчүн төлөнөт деп түшүндүрөт. Дыйкандар болсо жерден мээнети акталбай жатса Соцфондго дагы салык төлөөгө чамалары чак экенин айтышууда.