Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Келдибековдун сотуна мурдагы депуттар күбө катары кайра чакырылат


Акматбек Келдибеков
Акматбек Келдибеков

Акматбек Келдибековдун коомдук жактоочусу Азимбек Бекназаров бүгүнкү сот отурумунда парламенттин 5-чакырылышындагы депутаттарды күбө катары кайра чакыруу өтүнүчүн келтирди. Ал Жогорку Кеңештин токтому көпчүлүк добуш менен кабыл алынгандыктан 60тан ашуун депутат кайра күбө катары көрсөтмө бериши керектигин белгиледи. Мурдагы райондук соттогу териштирүүлөрдө депутаттардын 57си көрсөтмө берген. Шаардык соттогу кийинки жараяндарга мурдагы прорурор, учурдагы депутат Аида Салянованы чакыруу да сунушталды. Сот бул өтүнүчтү канааттандырды.

Ушул тапта Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун жана прокуратуранын апелляциялык арызы каралууда. Анда соттук жараянды аудиого жаздырууга гана уруксат берилип, журналисттерге видеого тартууга тыюу салынды. Бир канча жолу өтүнүч келтирилгенден кийин гана Келдибековдун жеке операторуна уруксат берилди.

Буга чейин Келдибеков да, прокуратура да Биринчи май райондук сотунун чечимине нааразы болуп, аны жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган. 2013-жылы коррупция, кызмат абалынан пайдалануу беренелери боюнча айыпталып кармалган Келдибековду райондук сот коррупция боюнча актап, Жогорку Кеңештин өкүлчүлүгүн Москвада ачууда кызмат абалынан аша чапкан деп таап, 3 млн. сом айыппул салган. Келдибеков аны толук актоону, ал эми прокуратура жазаны күчөтүүнү талап кылууда. (КЕ/ЕВМ)

XS
SM
MD
LG