Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Кызыл-Кыяда ок аткан жарандын үйүнөн диний адабияттар табылды


Кызыл-Кыя шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери шаардын борбордук базарынын жанынан 25 жаштагы Кабыл Абдилаким уулуна ок атып, качып кетти делген Азамат Пахировдун үйүн жана дүкөнүн тинтүүгө алды. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган жарандын үйүн тинтүү учурунда бир нече диний адабияттар жана бир даана “ПМ-9мм” үлгүсүндөгү тапанча табылган. Учурда кылмышка шектүү жаранды издөө иштери уланууда.

8-январь күнү кечке маал өз ара чырдашуудан Азамат Пахиров Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Кабыл Абдилаким уулун желим ок атуучу тапанча менен атып, качып кеткен. Жараат алган жаран ооруканага жеткирилип, учурда дарыгерлердин кароосунда, абалы туруктуу. (JsA)

XS
SM
MD
LG