Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:44

БШК үч депутаттын мандатын токтотту


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Жоомарт Сапарбаевдин, “Кыргызстан” фракциясынын Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманованын депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШК мүчөсү Рашид Бекбасаров кабарлады. Анын айтымында, Сапарбаев өз каалоосу менен арыз жазган. Ал эми калган эки депутат боюнча фракция чечим чыгарган. “Кыргызстандын” дагы бир мүчөсү, депутат Урмат Ишенбековдун мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу маселесин БШК кийинкиге калтырды.

- Ишенбековдун маселеси кийинки жыйында каралмай болду. Анткени ал мен арыз жазган эмесмин деп айтып кетти.

Ал ортодо Элмира Жумалиева да өз укугу бузулганын жана мандатын тапшыруу боюнча арыз жазбаганын “Азаттыкка” ырастады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG