Ооганстандын чыгышында бомба мектепке тийип, бери дегенде үч окуучу набыт болду. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги жасаган билдирүүдө Хост чөлкөмүндөгү бүгүнкү чабуулдан дагы сегиз өспүрүм жараат алганы айтылат. Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө эч ким ала элек. Пакистан менен чектешкен Хосттогу абал акыркы айларда салыштырмалуу тынч болду. Өткөн жылы, апрель жана июль айларында жанкечтилердин жардыруулары ондогон бейкүнөө кишинин өмүрлөрүн алып кеткен.
Бүгүнкү теракт Исламабадда ооган өкмөтү менен "Талибан" өкүлдөрүнүн тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүүнү талкуулаган жыйын чогулган кезде болду.