Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Сирияда аба соккудан окуучулар набыт болду


Сириянын түндүгүндө орусиялык согуш учактары урган делген соккудан 12 окуучу набыт болгону маалымдалды. Сириядагы Адам укуктарына байкоо салган уюмдун айтымында, 11-январда козголоңчулардын көзөмөлүндөгү Алеппо чөлкөмүнүн Аин Жара деген шаарында бомба мектепке тийгенде үч мугалим өлдү, 20 киши жараат алды. Укук коргоочулар Алепподо жекшембиден бери Башар Асадга баш ийген күчтөр менен козголоңчулардын айыгышкан салгылашуулары жүрүп жатканын билдиришти.

Уюмдун декабрда тараткан маалыматына караганда, орус учактары соккуларды баштаган убакыттан бери 2 300дөн ашык киши мерт болду, алардын 800гө чукулу карапайым сириялыктар.

Москва бейкүнөө кишилердин өлүмүнө себепкер болгонун четке кагууда.

XS
SM
MD
LG