Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:41

БШКнын чечимдери сотко берилет


Бул тууралуу БШК тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган Чолпон Эсенаманова 11-январда билдирди. Борбордук шайлоо комиссия 11-январдагы жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев жөнөткөн документтердин негизинде фракция мүчөлөрү Чолпон Эсенаманова жана Элмира Жумалиеваны мандатынан ажыраткан.

БШКнын жыйынына депутат айымдар катышууга үлгүргөн эмес. Ал эми жыйынга катышып калган фракциянын дагы бир мүчөсү Урмат Ишенбеков мандатын тапшыруу жөнүндө арыз жазбаганын билдирип, мандатын сактап калды. БШК мүчөсү Гүлнара Журабаеванын айтуусунда, ал мандаттары алынары күтүлүп жаткан депутаттарды чакырууну жана алардын катышуусунда маселени кароону сунуштаган. Бирок БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү аны колдогон эмес. 11-январда БШК ошондой эле “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Жоомарт Сапарбаевдин да мандатын токтотту. (AiT)

XS
SM
MD
LG