Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:50

Месси бешинчи жолу “алтын топту” алды


Лионель Месси.
Лионель Месси.

Испандык Барселона клубунун чабуулчусу, Аргентина курамасынын оюнчусу Лионель Месси бешинчи жолу жылдын мыкты футболчусу наамын жеңип алды. FIFAнын абройлуу сыйлыгы бүгүн таңда Цюрихте тапшырылып, “алтын топ” 2015-жылдын мыкты футболчусуна ыйгарылды. Дүйнөнүн мыктылары үчүн Криштиану Роналду, Лионель Месси жана Неймар ат салышкан. Жыйынтыгында Аргентиналык оюнчу 41,33%, Роналду 27,76% жана Неймар 7,86% добуш алганы белгилүү болду.

Месси Барселона менен өткөн жылы Испания чемпионатын, Испания кубогун жана Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон. Аргентинанын курамы менен Америка кубогунда финалга чейин жетип, Чилиге утулган.

Буга чейин бир дагы футболчу дүйнөнүн беш жолку мыкты оюнчу наамын алган эмес. Футбол адистери жакынкы келечекте Мессинин жетишкендиктерин башка футболчулар ашып өтүүсү мүмкүн эместигин билдиришүүдө.

Лионель Месси 2009, 2010, 2011, 2012-жылдары “алтын топтун” ээси болгон. (SDz)

XS
SM
MD
LG