Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Кожейкени тоноого жана зордоого шектүүлөр кармалды


Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 2015-жылдын 26-декабрында зордуктоо жана карактоого шектелип Ноокат районунун 18 жаштагы жана Бишкек шаарынын 34 жаштагы тургундары кармалган.

2015-жылдын 26-декабрында түнкүсүн беткап кийген эки адам 62 жаштагы аялдын үйүнө бастырып киришкен. Аялдын колу-бутун байлап, акча талап кылышкан. Үйдү тинтишип, аялдын капчыгынан 10 миң сом акчасын жана 20 миң сомдук алтын буюмдарын тартып алышкан.

Андан соң экөөлөп аялды зордукташып, кылмыш жасалган жерден из жашырышкан. Учурда бул экөө тең Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө амалдары башталды.

Өткөн бир жыл ичинде Ош облусунун аймагында 31 зордуктоо катталган. (YI)

XS
SM
MD
LG