Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:33

Өндүрүш Токтонасыров өкмөттү өзүмбилемдикке барбоого чакырды


12-январь, 2015-жыл
12-январь, 2015-жыл

Укук коргоочу жана жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Орусиянын телеканалардарына өзгөчө макам берилишине каршы өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыкты. “Өзүңөрдү өзүңөр билип, өтүгүңөрдү төргө илбегиле!” деген ураан менен узун таяктын учуна өтүк илип чыккан укук коргоочу, өкмөттү өзүмбилемдикке барбай, элдин пикири менен эсептешүүгө чакырууда.

Орусиянын “Биринчи канал: бүткүл дүйнөлүк желе” жана “Россия РТР” телеканалдарына Кыргызстандын аймагында өзгөчө макам берүү боюнча кыргыз-орус макулдашуусу алгач коомдук талкууга чыгарылып, кийин талкууга чыгаруу зарыл эмес деген негизде кайра алып салган. Жарандык коом муну “Орусиянын саясатын жүргүзүү ыкмасы” деп сындап чыккан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG