Орусиянын президенти Владимир Путин Сирияда конституциялык реформа жүргүзүү жана мөөнөтүнөн мурда парламенттик, президенттик шайлоолорду өткөрүү зарылдыгын билдирди. Мындай учурда Орусия Сириянын президенти Башар Асадга башпаанек берүүгө даяр. Бул тууралуу Владимир Путин Германиянын "Bild" газетасына берген маегинде билдирди.
Путиндин пикири боюнча, бул маселени азыр талкуулоо эрте. Анткени шайлоодон кийин Асад өлкөнү таштап чыгып кетпей калышы дагы мүмкүн. Президент Путин Сириядагы тынч калктын ичиндеги адам курмандыктары үчүн Башар Асаддын аскерлери менен күрөшүп жаткандарды күнөөлөдү.