Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:32

Анжиян козголоңу боюнча айыпталган Юлдашовдун каза болгону ырасталды


2005-жылдын 14-майындагы Анжиян калабасы.
2005-жылдын 14-майындагы Анжиян калабасы.

Өзбекстанда 2005-жылдагы Анжиян көтөрүлүшүн жетектеген Акрам Юлдашев беш жыл мурун эле каза болгонун “Азаттыктын” өзбек кызматы кабарлады. Юлдашев “Акрамий” диний уюмунун лидери болчу. Өзбек бийлиги анын өлүмүн бышыктады. Айрым бир маалыматтарда ал кургак учуктан каза тапканы айтылат. Бирок шакирттери анын көз жумганы тууралуу кабары жок экенин билдиришкен.

Акрам Юлдашев 1999-жылдын 17-февралында террорчулук үчүн айыпталып камакка алынган. Сот аны 17 жылга эркинен ажыраткан. Өзбек бийлиги ага Анжиян козголоңун уюштурган деген күнөө да койгон. 2005-жылдын 13-майында Өзбекстандын Анжиян шаарында 187 киши бийлик аткан октон мерт кеткен. Көз карандысыз булактар курман болгондор андан бир нече эсе көп экенин айтып келет.

Эл аралык коомчулук Анжиян кыргыны боюнча көз карандысыз текшерүү өткөрүүнү сунуштаганы менен, Ташкен буга макулдук берген эмес. Ал күнү жергиликтүү жашоочулар демонстрацияга чыгып, Өзбекстанда тыюу салынган "Акрамий" кыймылынын мүчөлөрү, диний экстремист деп шектелген 23 ишкерди абактан бошотууну талап кылышкан.

Ошондой эле экономикалык жана социалдык абалдын начардыгына нааразы болушкан. Аларга күч кызматкерлери ок ата баштаган учурда жүздөгөн киши Кыргызстанга качып өткөн. Бир нече күн Сузак районунун Кара-Дарыя айылынын аймагында кыргыз өкмөтү жана эл аралык уюмдардын көмөгү менен баш калкалап, кийинчерээк көпчүлүгү чет өлкөлөргө чыгып кеткен. (NT/KE)

XS
SM
MD
LG