Түркиянын өкмөт башчысы Ахмет Давудоглунун айтуусу боюнча, Даиштин мүчөсү болгон жанкечтинин Стамбулда бомба жардыруусунан он киши өлдү. Алардын баары чет өлкөлүктөр, көпчүлүгү Германия жарандары. Он бештен ашуун киши жарадар болду. Алардын көпчүлүгү да чет өлкөлүктөр.
Жардыруу 12-январда Стамбулдун Султанахмед районунда тарыхый Көк мечитке жакын жерде болду. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган терактты кескин айыптап, ал “Сириядан чыккан жанкечти-террорчу тарабынан жасалганын” белгиледи.
Султанахмед району туристтер көп келген жер. Ага жакын жерде ошондой эле Топкапы сарайы жана Айя София мунарасы жайгашкан. (AiT)