Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алган учурда айтты. Жолугушууда Жолдубаева мыйзамдуулукту сактоо, ар кандай кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча тартип коргоо органдарынын иш-планы, ишкерлердин укугун коргоо жана коррупцияга каршы күрөшүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында маалымат берди. Президент жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Буга чейин Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы элчиси Сергей Капинос Бишкекте өткөн жыйында коррупцияга каршы күрөш жетиштүү жүрбөй жатканын билдирген. Ал жемкордук менен күрөшүүдө бардык күч түзүмдөрү жана сот системасы биргеликте иш алып барышы керектигин белгилеген.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын он бир айында тергөө органдары жемкордук боюнча 334 кылмыш ишин ачкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 30га көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG