Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Орусиянын каналдарына өзгөчө статус берүү боюнча тегерек стол өтүүдө


Орусиялык телеканалдарга өзгөчө макам берүүгө каршы жарандык акция.
Орусиялык телеканалдарга өзгөчө макам берүүгө каршы жарандык акция.

Бишкекте Орусиялык телеканалдар ОРТ жана РТРге өзгөчө макам берүүгө каршы жарандык жыйын өтүп жатат. Ага жарандык активисттер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер жана депутаттар катышууда. Талкууда Орусиянын телеканалдарына мамлекет өзгөчө статус бербеш керектигин айтылып, бул аракет өлкөнүн маалымат саясатына терс кедергисин тийгизери айтылууда.

Депутат Жанар Акаев бул маселе парламентте да каралышы керектигин белгилеп, өкмөт туура эмес кадамга баратканын билдирди. Ал ОРТ менен РТРге өзгөчө макам берүүгө каршы экенин айтып, Орусиянын каналдарына мамлекет жоопкерчиликти албашы керектигин ырастады.

Долбоордун демилгечиси Маданият министрлигинен өкүлдөр жыйынга чакырылганы менен келишкен жок. Мындан улам талкуунун катышуучулары аткаруу бийлиги коомдук пикирди эске албастан, өкмөт аралык келишимге кол коюп жатканын сынга алышты.

Маалым болгондой, кыргыз аткаруу бийлиги орус өкмөтү менен “Коммуникация тармагында кызматташуу боюнча” келишимдин долбоорун колдоп жатат. Ал келишимде Орусиянын ОРТ жана “РТР-Планета” телеканалдарына Кыргызстанда өзгөчө шарт түзүү каралган.

11-январда өкмөт орус телеканалдарына өзгөчө макам берүү боюнча чечим коомдук талкуусу жок кабыл алынарын маалымдаган. (SDz)

XS
SM
MD
LG