Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:17

Тегеран катерлер инцидентине байланыштуу АКШдан кечирим суроону талап кылды


Тегеран америкалык аскердик эки катер Ирандын сууларында кармалгандан кийин АКШдан кечирим суроосун талап кылды. Иран армиясынын деңиз күчтөрүнүн кол башчысы адмирал Али Фадави 13-январда мамлекеттик телеканалда сүйлөп, Перси аралынын жанындагы инцидентке “профессионалдуулукка жатпаган аракеттер” алып келгенин билдирди.

Фадави маселе чечилгенин кошумчалап, 10 кишиден турган америкалык экипаждар кое берилээрин кыйытты. Адмиралдын айтымында, иликтөө катерлердин биринде навигациялык система бузулгандыктан, аскерлер Ирандын аймагына кирип кеткенин көргөздү.

Буга чейин Пентагон бир катерде мотор бузулганда агым менен Ирандын сууларына кирип кеткенин билдирген.

Перси булуңун көп жылдардан бери кайтарып келаткан америкалык флот мунай жолдору өткөн маанилүү региондун коопсуздугун камсыздап турат.

XS
SM
MD
LG