Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:01

Максуда Айтиева Жогорку Сотко кайрылат


Максуда Айтиева
Максуда Айтиева

ЭлТРдин мурдагы жетекчиси Максуда Айтиева өзүнө карата козголгон кылмыш иши кайрадан иликтенүүсүн талап кылып, Жогорку Сотко кайрылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка өзү кабарлады. Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы Айтиеванын үстүнөн мамлекетке эки миллион сомдон ашуун зыян келтирди деген жүйө менен кылмыш ишин козгоп, сотко ашырган болчу.

Прокуратура келтирген жүйө боюнча, тендерде "Овен" деген фирма жеңүүчү деп табылып, мамлекетке эки миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Бирок Айтиева каналдын сапатын жакшыртуу максатында сатылып алынган техника ордунда экенин, иштеп жатканын жана мыйзам бузуу болбогонун белгилеп келет. ЭлТРдин мурдагы жетекчиси тергөө процесси туура эмес жүргүзүлгөн деп эсептейт. (КЕ/ZKo)

XS
SM
MD
LG