Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Иранда кармалган америкалык катерлердин экипаждары кое берилди


Ирандын мамлекеттик телеканалы америкалык деңиз күчтөрүнүн 10 аскери кое берилгенин кабарлашты. Бул маалыматты АКШнын деңиз күчтөрү да ырастап, экипаждын бардык мүчөсү аман-эсен кайтканын билдиришти.

«Кечирим суралгандан кийин америкалыктар кое бирилди», - деп айтылат Иран армиясынын билдирүүсүндө.

Буга чейин Иран армиясынын деңиз күчтөрүнүн кол башчысы адмирал Али Фадави америкалык аскердик эки катер Ирандын сууларында кармалгандан кийин АКШдан кечирим суроосун талап кылган.

Адмиралдын айтымында, иликтөө аскерлер катерлердин биринде навигациялык система бузулгандыктан Ирандын аймагына кирип кетишкенин көргөздү. Анын алдында Пентагон машыгуу учурунда бир катерде мотор бузулганда агым менен Ирандын сууларына кирип кеткенин билдирген.

Перси булуңун көп жылдардан бери кайтарып келаткан америкалык флот мунай жолдору өткөн маанилүү региондун коопсуздугун камсыздап турат.

XS
SM
MD
LG