Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Максат Чакиевдин адвокаты сотко кайрылды


Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары, Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевдин адвокаты соттун өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна арызданат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чакиевдин адвокаты Таалайбек Курманалиев кабарлады.

12-январда Биринчи Май райондук Максат Чакиевдин ишин карап, аны алты жыл күчөтүлгөн режимде абакка кескен. Чакиев сот залынан камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “мамлекеттик сыйлык, мөөр, штамп, бланкты колго жасоо, даярдоо жана пайдалануу”, “пара берүү” беренелери боюнча айып тагылган.

Чакиев 28-майда ИИМдин 5-Башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берип жатканда кармалган. Милиция бул тууралуу ишиндеги мыйзам бузууну жабыш үчүн Чакиев ушундай кадамга барган деп маалымат тараткан. Сот пара катары берилген 92 миң сомду мамлекетке чегерүү чечимин чыгарды.

Чакиев акыркы сөзүндө өзүн күнөөлүү деп эсептебей турганын, ал коррупциялык кампаниянын курмандыгы болгонун айтып чыкты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG