Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Жон Керри Иранга рахмат айтты


Жон Керри
Жон Керри

АКШнын мамлекттик катчысы Жон Керри америкалык 10 деңиз аскерин бошотууда кызматташтыгы үчүн Иранга ыраазычылыгын билдирди.

"Маселенин тез, тынч жол менен чечилишинде биздин өлкөнүн коопсуздугун эске алган дипломатиянын ролу өтө маанилүү болду", - деди Керри.

Анын алдында Иран сууларына кирип кеткен америкалык кайыктар жана аскерлер кое берилген.

Иран армиясынын өкүлү АКШ ал окуя үчүн кечирим сураганын, кайыктар Перси аралынын жанына навигациялык система бузулгандыктан, кокусунан сүзүп келишкенин билдирген.

Пентагон болсо машыгуу учурунда бир кайыкта мотор бузулганда агым менен Ирандын сууларына кирип кеткенин билдирген.

Перси булуңун көп жылдардан бери кайтарып келаткан америкалык флот мунай жолдору өткөн маанилүү региондун коопсуздугун камсыздап турат.

XS
SM
MD
LG