Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Иран АКШнын аскер-деңиз флотунун жоокерлерин бошотту


Америкалык он аскери бар эки кеме 12-январда Перс булуңундагы Ирандын суу аймагына адашып өтүп кеткен деп, 13-январда Америкага кайтарылып берилди. Пентагон тараткан маалыматта 10 жоокер кайтарылды, аларга кандайдыр бир зыян келтирилген эмес деп айтылды. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Жон Керри аскерлер Иранда кармалып турган учурда аларга жакшы кам көрүлгөнүн 13-январда билдирди:

- Бардык көрсөткүчтөр бизге айтып тургандай, биздин аскерлерге жакшы кам көрүлгөн. Алар азык-түлүк, жууркандар менен камсыздалып, кайтып келүүсүндө да жардам көрсөтүлдү.

Иран аскердик күчтөрү Американын кемелери Ирандын аймагына адашып кирип келгенин айтып, бул үчүн кечирим суралганын билдирди. Бирок Кошмо Штаттардын вице-президенти Жон Байден, Вашингтон кечирим сурады дегенди төгүнгө чыгарды. (AiT)

XS
SM
MD
LG