Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Парламентте орус каналдарына өзгөчө макам берүү маселеси сындалды


Кыргызстандын аймагында Орусиянын телеканалдарына өзгөчө макам берүү аракети өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жаратат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш депутаты Жанар Акаев бүгүнкү жалпы жыйында айтып, өкмөттөн түшүндүрмө талап кылды:

- Азыр маалымат согушу күч алган учур. Биз улуттук маалыматтык коопсуздугубузду чыңдоо ордуна башка мамлекеттин телеканалдарын төргө өткөргөнүбүз чоң ката. Өкмөт бул жааттагы келишимди өзүмбилемдик менен түзбөй, парламент менен макулдашсын.

Жакында кыргыз аткаруу бийлиги орус өкмөтү менен “Коммуникация тармагында кызматташуу боюнча” келишимдин долбоорун колдоп, Орусиянын “Биринчи канал” жана “РТР-Планета” телеканалдарына Кыргызстанда өзгөчө шарт түзүү маселесин көтөргөн. Бул келишим өткөн аптада коомдук талкууга чыгарылып, көп өтпөй эле коомдук талкуусу жок эле каралары маалымдалган. (SE)

XS
SM
MD
LG