Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

Бабанов БШК менен Жогорку Соттун жоопкерчилигин кароону талап кылууда


Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

“Республика-Ата Журт” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабанов Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку соттун чечими менен Жыргалбек Саматовго кайрадан депутаттык мандат бергенин сындап, эки мекеме мыйзамды бузуп жатканын айтты. Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында сүйлөп жатып Бабанов:

- Мыйзамдуу өлкөдө жашайбызбы же кандай? Биз Саматовдун Орусиянын жараны экенин тастыктап бергенбиз. Ага БШК кайрадан мандат ыйгарганы мыйзамсыз,- деди.

Парламентке “Республика – Ата Журт” партиясынын тизмесинде ат салышкан Жыргалбек Саматов буга чейин эки жолу мандатын алдырып, үчүнчү жолу 11-январда сот аркылуу кайра кайтарып алган.

Аталган партия Саматовду өзүнө бөлүнгөн округдан жетиштүү добуш алган эмес деп мурда жазылган арыздын негизинде тизмеден чыгарган. Кийин ал Орусиянын жараны деген маалыматтардын негизинде БШК тарабынан мандатынан ажыратылган, бирок сотто депутат утуп чыккан.

Шейшемби күнү “Республика – Ата Журт” фракциясы Саматовду партиянын катарынан чыгарды. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG