Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Төө буурчактын баасы 18-январдан тарта 33-35 сомдон сатылат


Кыргызстанда өcтүрүлгөн төө буурчакты түрк ишкерлери 18-январдан тарта азыркы наркынан кымбат баада сатып ала баштайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Өмүрбек Бабанов билдирип, бул жаатта эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгонун айтты. Макулдашууга ылайык, эми дыйкандар төө буурчактын тазаланганы 35 сомдон, тазаланбаганы 33 сомдон чектөөсүз сата алат. Азыркы баа 20-28 сомдун тегерегинде.

Бул маалыматты Айыл чарба жана мелиорация министрлигинен да бышыкташты. (SE\UEz)

XS
SM
MD
LG