Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Жалал-Абадда 19 аскер кызматкери тартипке чакырылды


Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан өткөн жылы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн 15 жолку текшерүү ишинин жыйынтыгында 6 кылмыш иши козголуп, 19 кызмат адамдарына тартиптик чаралар көрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад гарнизондук аскер прокурорунун орун басары Эркинбек Абдыкеримов билдирди.

Маалыматка ылайык, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө багытында 69 текшерүү иштери жүргүзүлүп, кылмыш иштери козголгон. Прокурордук актылардын негизинде былтыр мамлекетке 700 миң сомдон ашык каражат өндүрүлдү. (RsK)

XS
SM
MD
LG