Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

Кыргызстандын герби кабыл алынганына 22 жыл толду


Кыргыз Респубилкасынын герби.
Кыргыз Респубилкасынын герби.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби кабыл алынганына бүгүн 22 жыл толду. Өлкөнүн негизги үч атрибутунун бири болгон герб 1994-жылдын 14-январында Жогорку Кеңештин токтому менен кабыл алынган. Анын авторлору - Асеин Абдраев жана Садырбек Дубанаев.

Дубанаев кезинде журналисттерге берген маалыматка ылайык, гербдин алгачкы вариантында канаттары жайылган шумкар чагылдырылып, ал мамлекеттин эркиндигинин белгиси деп сыпатталган. Ортосунда Ысык-Көл суусу, Ала-Тоонун аскалуу бийик кырка тоолору тартылган. Кийин гербдин чекесине буудай жана пахтанын сүрөтү кошулган. Үстү жагына “Кыргыз”, астына “Республикасы” деп жазылган.

Кыргыздарда 7 саны өзгөчө мааниге ээ болгондуктан, гербдеги Ала тоодо жети жети чоку тартылган. Шумкардын канаттарында жети бөлүк бар.

Гербдеги негизги түстүн көк экендиги Кыргызстандын БУУга мүчө экени менен түшүндүрүлөт. Аталган уюмдун туусу көк түстө. (SE)

XS
SM
MD
LG