Мамлекеттик миграция кызматынын сайты - mz.gov.kg экстремисттердин чабуулунун улам эки ай иштебей турду. Мекеменин жетекчи орун басары Алмаз Асанбаев сайтты экстремисттер бузганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, сайт ноябрь айында бузулуп, башкы бетке “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топту колдогон жазуулар чыгып калган. Программисттер муну хакердик чабуул экенин айткан.
- Учурда сайт оңдолду. Дүйшөмбүдөн тарта толук иштей баштайт,- деди Асанбаев. (SE)