Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:06

Унаа үчүн салык төккөндөргө чаптамалар берилет


Салык кызматынын унаа салыгын төккөнүн тастыктоо үчүн чыгарган чаптамалары
Салык кызматынын унаа салыгын төккөнүн тастыктоо үчүн чыгарган чаптамалары

Мамлекеттик салык кызматы унаалар үчүн салык төккөн айдоочуларга атайын чаптамаларды бере баштайт. Бул үчүн 800 миң нуска даярдалып, анын жарымынан көбү салык бөлүмдөрүнө таратылды. Ал акысыз берилет.

Аталган мекемеден кабарлашкандай, өкмөттүн 2015-жылдын 16-ноябрындагы токтомуна ылайык, унаа үчүн салыктар 1-сентябрга чейин төлөнүшү шарт.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 637 289 машинеге салык төгүлүшү керек. Өткөн жылкы 689 миллион 308 миң сом чогулган.

Буга чейин унаалардын техникалык кароодон өткөнүн тастыктаган чаптамалар берилчү. (SE)

XS
SM
MD
LG