Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:41

Кыргызстанда 56 миңден ашуун бала туугандарынын колунда тарбияланууда


Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2015-жылы жүргүзгөн изилдөөсүндө туугандарынын колунда тарбияланып жаткан балдардын саны 56 миң 462 экени аныкталды. Алардын баары Кыргызстандан чет элге кеткен эмгек мигранттарынын перзенттери экенин министрликтин Үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын башкы адиси Каным Абылова “Азаттыкка” билдирди:

-Биздин адистерибиз өлкө аймагындагы 316 680 үйдү кыдырып, мигранттардын балдарын каттоого алышкан. Туугандарынын колундагы 56 миңден ашуун баланын 683ү камкордук уюмдарына берилген. 136 бала интернат тибиндеги мекемелерге жиберилди. 55 миң 653 бала туугандарынын колунда.

Жогорудагы сандар расмий изилдөөнүн жыйынтыгы. Бейрасмий эсепте мигранттар балдары көп экенин адистер белгилешет. Соңку кездери жакындарынын колунда тарбияланып жаткан жеткинчектердин зомбулукка кабылган фактылары тез-тез катталууда. (SE)

XS
SM
MD
LG