Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:26

Токтогул ГЭСинде бузулган агрегаттын бири ишке кирди


Токтогул ГЭСи
Токтогул ГЭСи

Токтогул ГЭСинде 2015-жылдын 28-декабрында бузулган эки генератордун бири 14-январда оңдолуп бүттү. Учурда ГЭСтеги төрт агрегаттын үчөө иштеп жатат. ГЭСтин азыркы күчү бүт өлкөнү электр менен камсыздоого жетерин “Электр станциялары” ишканасынан "Азаттыкка" билдиришти.

Жаңы жыл майрамы алдында ГЭСтеги кабелдерде май тамганына байланыштуу эки генератор өчүрүлгөн. Мындан улам электр энергиясына чектөө киргизилген. Бирок Нарын дарыясынын боюндагы кичи ГЭСтерди ишке киргизүү менен ал чектөө алып салынган.

Оңдоо иштерин Орусиядан келген жана жергиликтүү адистер жүргүзүүдө. Андан сырткары, кабелдерди алмаштыруу жумуштары боюнча Түштүк кореялык адистер менен макулдашылган.

Токтогул суу сактагычында азыр суунун көлөмү 10 млрд. 736 млн. куб метрди түзөт. (SE)

XS
SM
MD
LG