Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

16-январга аба ырайы


Синоптиктер Кыргызстандын аймагында 17-19-январь күндөрү аба ырайы өзгөрүп, мезгил-мезгили менен кар жаап, суук болорун билдирди. Мындай аба ырайы тоолуу жолдордо унаа каттамына кедергисин тийгизиши эскертилүүдө. Бишкек-Ош, Каракол-Эңилчек жолдорунда кар көчкү коркунучу бар.

16-январда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2...-7, күндүз +7...+12,

Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз +6...+11,

Баткен облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз +9...+14,

Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +9...+14,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз +4...+9,

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -3...-8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17...-22, күндүз -8...-13 градус cуук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн -3…-5, күндүз +8…+10 градус күн жылыйт.

XS
SM
MD
LG