Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

Түркияда аскердик операцияга каршы чыккан 15 окуутучу кармалды


Түркия аскерлери.
Түркия аскерлери.

Түркиянын түштүк-чыгышында күрт козголоңчуларына каршы жүрүп жаткан аскердик операцияга каршы кайрылууга кол койгон 12 окутуучу кармалды. Бул тууралуу Түркиянын мамлекеттик Анадолу агенттиги маалымдады.

Кабарга караганда, Стамбулдун жанындагы Кожаэли университетинде сабак берген окутуучуларды полиция 15-январда кармап кетти.

“Биз бул кылмышка катышкыбыз келбейт” деген петицияга Түркиянын жана чет өлкөлүк илимий чөйрөнүн 1 миң 200дөн ашуун өкүлү кол койгон.

Алар Анкараны түштүк-чыгыштагы “күрттөрдү жана ал жакта жашаган башка элдерди атайлап кырууну, депортациялоону токтотууга” үндөшкөн.

Прокуратура кайрылууга кол койгондорду “мамлекетке акаарат келтиришкен” жана“террордук пропагандага кириптер” болушкан деп айыптап, тергөө иштерин баштады.

Өткөн июлда ок атышпоо келишими бузулгандан кийин Түркиянын түштүк-чыгышында жикчил Күрттөрдүн жумушчу партиясынын согушкерлери менен армиянын ортосундагы уруштар көбөйдү.

Укук коргоочулар коменданттык саат киргизилген аймактарда ондогон жай тургундар каза тапканын ырасташууда.

XS
SM
MD
LG