Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Бакуда оппозициячы 7 күнгө соттолду


Азербайжандын сот системасына карата нааразылык.
Азербайжандын сот системасына карата нааразылык.

Баку шаарынын соту 14-январда Туран Ибраим аттуу оппозициячыны коомдук жайда сөгүнгөндүгү, полицияга каршылык көргөзгөндүгү жана коомдук тартипти бузгандыгы үчүн 7 күнгө камоо чечимин чыгарды.

Шаршембинин кечинде кармалган Турандын жакындары анын полиция менен тирешпегенин айтып, соттолушун жакында Фэйсбукта азери бийлигинин дарегине жазган сын сөздөрү менен байланыштырышат.

Ал камалган күнү өлкөнүн бир нече райондорунда жумушсуздукка, баалардын жогорулашына, экономикалык каатчылыкка нааразы болгондор демонстрация өткөрүшкөн.

Туран Ибраим - "Элдик майдан" партиясынын жаштар комитетинин мүчөсү, атасы Маммад Ибраим - партиянын төрага кеңешчиси. Ал өткөн жылы сентябрда бейбаштык үчүн соттолгон. Маммад Ибраим өзүнө тагылган күнөөнү четке кагып, бул иштин артында саясат турганын айтып келет.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG