Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:22

Милиция Ошто күч кызматкерлери мушташканы тууралуу кабарды төгүндөдү


Ошто милициянын атайын даярдыктагы отрядынын (СОБР) кызматкерлери менен Жол кайгуул кызматында жана Күзөт кайгуул кызматында иштегендердин ортосунда мушташ чыкпаганын Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, маалымат ыкчам иликтенип, күч кызматкерлери ортосунда жаңжал чыкпаганы аныкталды.

Атайын даярдыктагы отряддын кызматкерлери 14-январда спортзалда Жол кайгуул кызматынын үч, күзөт кайгуул кызматынын эки өкүлүн сабап койгону, бир киши ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат интернетке тарап, милиция муну тактап жатканы мурдараак кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG