Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:29

Пакистан премьери намысты коргоп өлтүрүү көрүнүшү жоюлат деди

Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф үй-бүлө намысы үчүн кыз-келиндерди өлтүрүү көрүнүшү жок кылынарын айтып, Оскарга көргөзүлгөн фильмдин режиссеру Шармин Обаид-Чинойду куттуктады.

"Дарыядагы кыз: Айкөлдүктүн баасы" деген фильм АКШ Киноакадемиясынын сыйлыгына кыска метраждуу даректүү тасмалар категориясында 14-январда көргөзүлдү.

Пакистанда жылына жүздөгөн кыз-келиндер үй-бүлө намысына шек келтирди деп жакындарынын колунан каза табат. Өкмөт башчы жасаган билдирүүдө андай кыянатчылыкты жоюу үчүн мыйзамдарды өзгөртүү керектиги белгиленген.

2012-жылы Чинойдун бетине кислота чачып кетишкен аялдын таржымалын баяндаган даректүү тасмасы Пакистан тарыхындагы биринчи Оскарды жеңген.

XS
SM
MD
LG