Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Лейлекте көз карандысыз жаңы радио ачылды


“Ариет” деп аталган көз карандысыз радио 16-январдан тарта обого чыга баштады. Радио жергиликтүү жаштардын күчү менен ачылды. Аймактагы “Жаштарды өнүктүрүү” институтунун өкүлү Азамат Султаналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча, “Ариет” радиосунда жергиликтүү жана чет элдик ыр-күүлөрдөн башка жаштардын көйгөйлөрү жана мүмкүнчүлүктөрү тууралуу берүүлөр обого чыгарылат.

“Ариет” радиосунун обосу Лейлек районунун эл жыш жайгашкан Достук, Арка, Борбордук жана Жаштык айылдарын камтыйт. Башкысы бул радио аймакта угулган коңшу Тажикстандын радиолоруна атаандашкан бирден бир жалгыз радиостанция болмокчу.

“Ариет” радиосу Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн колдоосу менен “Жаштардын кесипкөйлүгү аркылуу социалдык өзгөрүү” деп аталган долбоордун негизинде ачылды.

Лейлек району Тажикстан менен чектеш жайгашкан. Буга чейин аймакта Кыргызстандын телерадио берүүлөрүнө караганда, коңшулаш Тажикстандын жана Өзбекстандын теле-радиостанцияларынын берүүлөрү басымдуулук кылары айтылып келген.(AiB/ZKo)

XS
SM
MD
LG