Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:21

Бишкек-Ош жолунда кар көчкүлөрүн аттыруу уланууда


Бишкек-Ош жолундагы эң кооптуу Кара-Булак аймагы

Бишкек-Ош автожолунун 121-138-чакырымдарында жана ошондой эле 198-265-чакырымдарында кар көчкүлөрдү аттырып түшүрүү иштери жүрүп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Генералдык штабдын артиллериялык тобу менен бирге 15-январь күнү Бишкек-Ош магистралынын 231-246-чакырымдарында кар көчкүнү аттыруу ишин жүргүздү. 27 жолу аткылоонун натыйжасында 82,5 миң куб метр кар түшүрүлгөн.

ӨКМ айдоочуларды жолго чыкканда жол коопсуздугунун эрежелерин сактоого чакырып, автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбоого тийиштигин эскертүүдө.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG