Райондогу Орловка шаарчасына жакын айылдын тургуну Хусейн Салпагаровдун сарайынан 14-январь күнү эле 45 кой өлгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери жергиликтүү ветеринарлар менен чогуу койлордун кырылуу себебин иликтөө үчүн атайын комиссия түздү. Маалыматка ылайык, койлор шаарчадан үч чакырымдай аралыктагы иштебей турган химиялык-металлургиялык заводдон чыккан суудан ичишчү. Бирок айрым маалыматтар боюнча, ал сууда учурда балык багылат.
Иликтөө комиссиясы алдын ала чыгарган маалыматтар боюнча койлор уулануудан кырылган. Учурда Чүй облустук ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясы тарабынан өлгөн койдун эти жана мал жайылган жайыттын топурагы лабораториялык изилдөөгө жиберилди. Ошондой эле заводдон чыккан суу да текшерилүүдө. Ал эми кырылган койлор ветеринардык талаптар боюнча тиешелүү жерге терең көмүлдү деп маалымдайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. (ZKo)