Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:08

Кара-Балтада текстиль фабрикасы курулат

Иллюстрация
Иллюстрация

Текстиль фабрикасынын долбоору 18-январда Бишкекте өтүүчү бизнес-форумда тааныштырылат. Бул фабриканын курулушу Кыргызстандын тигүү тармагын арзан жана сапаттуу кездемелер менен камсыздоого мүмкүнчүлүк ачарын бекемдешет долбоордун авторлору.

Ошол эле күнү “Ал-Суу”, “Деңиз Текстиль” жана “Айыл Банктын” ортосундагы үч тараптуу кызматташуу келишимине кол коюлат. Бул келишим Кара-Балта шаарындагы мурунку Ал-Суу заводунун ордуна курулуучу текстиль фабрикасы боюнча долбоорду ишке ашыруунун башталышы болуп калмакчы. Бизнес-жыйында “Айыл Банк” менен инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик агенттик кызматташуу Меморандумуна кол коюшат.

Бизнес-форум “ЕАЭБ шарттарында Кыргызстандын тигүү өнөр жайын өнүктүрүү” деп аталат. Жыйынды Экономика министрлиги бизнес-ассоциациялар менен чогуу өткөрөт. Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, жыйында жергиликтүү тигүү тармагынын азыркы абалы, көйгөйлөрү да талкууга алынат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG