16-январда премьер-министр Темир Сариев Улуттук Гвардияга караштуу 708-аскер бөлүгүнө барды. Өкмөт башчы жоокерлердин алдында сүйлөгөн сөзүндө алар “Мекенди коргоо” деген ыйык милдетти татыктуулук менен аткарып жатканын билдирип, мамлекеттин бүтүндүгү жана элдин тынчтыгы жоокерлердин күжүрмөн даярдыгынан көз каранды экенин белгиледи:
"Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөп жаткан жоокерлерге Мекенди коргоо деген ыйык милдет тагылган. Мекендин бүтүндүгү жана тынчтыгын сактоодогу негизги ишеним силерде. Бул милдетти ак ниеттүүлүк жана татыктуулук менен аткарат деп ишенем", - деди өкмөт башчы.
Премьер-министр Темир Сариев дүйнөдө коопсуздук маселеси курчуп турганда жоокерлердин күжүрмөн даярдыгын жогорулатуу зарылдыгын айтты.
Аскер бөлүгү менен таанышкан соң өкмөт башчы аскерлер менен чогуу тамактанып, баарлашты.(ZKo)