Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Өзбекстан пахта өндүрүүнү 350 миң тоннага азайтат


Самарканд
Самарканд

Өзбекстан алдыдагы төрт жыл ичинде пахта өндүрүүнү 350 миң тоннага азайтат. Буга чейин жылына 3 миллион 350 миң тонна ак була жыйналчу. Бул тууралуу мамлекет башчы Ислам Каримов 15-январь күнү өкмөт жыйынында билдирди. Пахта көлөмүн азайтууга дүйнөлүк базарда ак буланын баасы нарксызданып, талаптын азайганы себеп болууда.

Пахта түшүмүн кыскартуу менен 180 миң гектарга жакын талаа аянты бошойт. Ал жерлерге буудай, картошка эгип, мөмөлүү бактарды отургузуу пландалууда.

Өзбекстанда ак була негизги экспорт болуп саналат. Өкмөттүн буйругу менен адамдар жыл сайын күзүндө жапырт пахта терүү өнөктүгүнө чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG