Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз эл баатыры, эл жазуучусу, драматург Бексултан Жакиевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Президенттик аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Улукбек Марипов 16-январда мамлекет башчынын атынан жазуучуну үйүнө барып, куттуктап келди. Бул тууралуу өлкө жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасы сахнада 500дөн ашуун жолу коюлган. Ошондой эле анын «Алтын аяк», «Күттүргөн жаз да келер» чыгармалары белгилүү. Жакиев жазуучулуктан сырткары, бир катар чет эл чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
Кыргыз эл баатырына былтыр эл аралык “Руханият” сыйлыгы да тапшырылган. (SE)