Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

Кишиневдо оппозициянын митингине 20 миңден ашуун адам катышты


Кишиневдогу оппозициянын митинги
Кишиневдогу оппозициянын митинги

Молдова баш калаасында ишемби күнү оппозиция уюштурган митингге 20 миңден ашуун адам катышты. “Абийир жана акыйкат” жарандык платформасы, “Биздин партия” жана Социалисттер партиясынын тарапкерлери парламенттин тарашын, президенттин отставкасын талап кылышты.

“Абийир жана акыйкат” жарандык платформасынын мүчөлөрү Европа Биримдигинин желегин көтөрүп чыгышты. Ал эми социалисттер Орусия менен мамилени чыңдоого чакырган плакаттарды кармап турушту.

Жергиликтүү булактар нааразылык акциясы тынч өткөнүн кабарлады.

Молдовада элдик толкундоолор былтыр башталган. Күзүндө өткөн шайлоо учурунда банктардан миллиард доллар жоголуп, буга эч кандай чара көрүлбөгөнү наарызылыктардын тутанышына себеп болгон. (SE)

XS
SM
MD
LG