Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 14:15

Баткендик ишкерлер насыя алуу шарттарын жеңилдетүүнү суранууда


Баткен облусундагы ишкерлер насыя алуу шарттарын жеңилдетүүнү өкмөттөн суранууда. Бул тууралуу облустагы ишкерлер кеңешинин төрагасы Авазбек Чотбаев “Азаттыкка” билдирди.

Ишкерлер насыя алууда талап кылынган күрөөгө ылайыктуу мүлктүн жоктугун айтып, аймактык өзгөчөлүктөр эске алынуусун сунуштап жатышат.

Азырынча Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан ишкерлик үчүн облуста эч ким акча ала элек.

Фонд өткөн жылдын күзүнөн ишкерлерге РСК жана “Айылбанк" аркылуу насыя берүүнү баштаган. Анын бир жылдык үстөгү 12%.

Кыргыз жана орус өкмөттөрү түзгөн фонддун уставдык капиталын 500 млн. долларга жеткирүү жана кошумча дагы 500 млн. доллар насыялык каражат табуу милдетин Орусия өзүнө алган. (SE\JsA)

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG