Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:03

АКШ Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди


АКШ президенти Барак Обама.
АКШ президенти Барак Обама.

Кошмо Штаттар баллистикалык ракетаны сыноо боюнча эрежени бузганы үчүн Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизди. Бул тууралуу расмий Вашингтон жекшембинин кечинде маалымдады.

Жаңы санкциялар Кытайда жана Бириккен Араб Эмираттарында жайгашкан ирандык компанияларга жана жеке жарандарга киргизилди. БУУнун бир ай мурда жарыяланган докладында Иран 2015-жылдын октябрь айында тыюу салынганына карабастан, өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү орто радиустагы баллистикалык ракетаны учурганы маалымдалган.

Өз кезегинде расмий Тегеран ракета өзөктүк курал жеткирүүгө ылайыкташпаганын жана бул Улуттар Уюмунун шарттарын бузбай турганын жүйө келтирген.

16-январда Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик Тегеран өзөктүк программасы боюнча бардык шарттарды аткарганын жарыялаган. Андан соң Евробиримдик жана АКШ Иранга киргизилген экономикалык чектөөлөрдү алганын Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини менен Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф биргелешкен маалымат жыйында кабарлашкан.

Өткөн жылдын 14-июлунда Тегерандын ядролук программасы боюнча Иран менен дүйнөнүн алты державасы: Британия, Кытай, Орусия, АКШ, Франция жана Германия Венада тарыхый келишимге жетишкен.

XS
SM
MD
LG