Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Парламент "чет элдик агенттер" боюнча мыйзам долбоорун февралда талкуулайт


Жогорку Кеңештин жыйын залында
Жогорку Кеңештин жыйын залында

"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоору февраль айынын орто ченинде Жогорку Кеңеште экинчи окууга коюлат. Бул тууралуу бүгүн бейөкмөт уюмдардын жетекчилери менен жолугушууда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана парламенттин регламенти боюнча комитетинин төрайымы Галина Скрипкина билдиргенин иш-чаранын катышуучулары "Азаттыкка" кабарлашты.

Жолугушуу жабык өттү. Ага он чакты уюмдун лидерлери, белгилүү укук коргоочулар Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова, Төлөкан Исмаилова жана башкалар катышты.

Скрипкина мыйзам долбоору талкууга коюлар алдында жарандык коом өкүлдөрүнүн пикирин дагы бир ирет угууну туура көргөнүн айтты.

Чет жактан каржыланган бейөкмөт уюмдарды "агент" деп атап, көзөмөлдү күчөтүүнү караган долбоорду буга чейинки чакырылыштын депутаттары Турсунбай Бакир уулу жана Нуркамил Мадалиев иштеп чыккан. Документ биринчи окууда жактырылган. Скрипкина ага каршы добуш берген.

Эреже боюнча мыйзам парламентте үч окууда кабыл алынгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт. Эгер мамлекет башчы ага кол койсо күчүнө кирди деп эсептелет.

Айрым серепчилердин айтымында, аталган мыйзам долбоору Орусиядан көчүрүлүп алынган. Ал иштей баштагандан бери көптөгөн орусиялык бейөкмөт уюмдар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылууда. (UeZ/RK)

XS
SM
MD
LG