1992-жылдын 16-январында Ташкенттин студенттер шаарчасында миңдеген студентер нанга жана башка азык-түлүккө баа өсүп кетишине нааразылык билдирип, көчөгө чыккан эле. Алар ошол кезде жаңы шайланган президент Ислам Каримовдун кызматтан кетишин да талап кылган. Бирок тартип коргоо органдары тарабынан студенттерге ок атылып, нааразылык толкуну күч менен басылган. Андан эки студент өлүп, дагы ондогону жаракат алган. Бирок ошол окуяга катышкандар жаракат алган студенттердин көбү камалып кетүү коркунучунан улам ооруканаларга кайрылбаганын айтууда. Козголоңдон кийин Ташкенттеги студенттердин баары бир канча убакытка өз аймактарына күчтөп жөнөтүлгөн.
Кийинчерээк бул окуянын себептерин иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын курамына андагы эркин депутаттар менен оппозициялык саясатчылар да кирген. Бирок студенттерге ок атууга ким буйрук бергени азырга чейин белгисиз бойдон.
Өзбек маалымат каражаттарына азыр бул окуя боюнча эскерүүгө тыюу салынган. Айрым серепчилер дал ушул тополоңдон кийин Өзбекстанда башкача көз караштагыларды кысмактоо башат алганын айтып келет.