Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Даиштин тузагына түшкөн тажиктердин саны азайууда


"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери.

Ирак жана Сирияда өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко кошулган тажик жарандарынын саны азайганы байкалууда. Буга чейин аталган террордук уюмга кирген тажикстандыктар 500гө чукулдаганы маалымдалган. Кыргызстан менен чектеш Согди облусунда эле 110 киши экстремисттердин катарына тартылган.

Расмий кабарга ылайык, жергиликтүү элдин арасынан Сирияга кеткен учур акыркы жолу 2 жыл мурун катталган. Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөй эле Тажикстан 2015-жылдан тартып экстремизмге каршы күрөштү күчөттү.

Өткөн жумада Кыргызстан бийликтери да өлкө аймагынан Сирия жана Иракка кетип жаткандар азайганын маалымдаган. (SE\AKu)

XS
SM
MD
LG