Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Мароккодо Париждеги теракттарга байланыштуу бир киши кармалды


Мароккодо былтыр ноябрда Париждеги террордук чабуулдарды уюштургандар менен түздөн-түз байланышта болгону шектелген Белгиянын жараны кармалды. Өлкө ички иштер министрлиги түбү марокколук бул жаран 15-январда Касабланкага жакын Мохаммедия шаарында кармалганын кабарлады. Анда ал Сирияда "Фронт ан-Нусра" радикал тобунун катарында согушуп жүрүп, кийин "Ислам мамлекети" экстремисттик тобуна кошулганы айтылат. Шектүү киши Сириядан Түркияга өтүп, анан Германия, Белгия жана Нидерланды аркылуу Мароккого келгени белгиленүүдө.

Парижде 2015-жылдын 13-ноябрындагы террордук чабуулдар 130 кишинин өмүрүн алган. Бул үчүн "Ислам мамлекети" террордук тобу жоопкерчилик алган.

XS
SM
MD
LG